Presentation is loading. Please wait.

Presentation is loading. Please wait.

Microsoft® Office Outlook® 2007 Тренинги

Similar presentations


Presentation on theme: "Microsoft® Office Outlook® 2007 Тренинги"— Presentation transcript:

1 Microsoft® Office Outlook® 2007 Тренинги
Үйрөтүүчү үчүн эскертүүлөр: Бул шаблонду өзгөчөлөштүрүүдө толук жардам алуу үчүн, эң акыркы слайдды караңыз. Дагы, кошумча сабак тексттерин, кээ бир слайддардын эскертүү панелдеринде издеңиз. Жогорку деңгээлге

2 Курс мазмуну Киришүү: Outlook колдонмосунун жаңы нускасы
Сабак 1: Тасма менен таанышуу Сабак 2: Күндө колдонулуучу буйруктарды табуу Сабак 3: Тиркемелерди жана сүрөттөрдү жөнөтүү жана кабыл алуу Ар бир сабак сунушталган тапшырмалардын тизмесин жана сынак суроолорунун тобун камтыйт.

3 Киришүү: Outlook жаңы нускасы
Жаңы дизайн жана жаңы өзгөчөлүктөр күнүмдүк иш аракеттериңиздин аткарылышын оңойлотууга жана ылдамдатууга жардам берет.

4 Үйрөтүү курсунун максаттары
Outlook 2007 колдонмосун изилдөө. Тасмадан буйруктарды табуу жана күнүмдүк иш аракеттерди аткаруу: электрондук почтону окуу жана жөнөтүү, жолугушуулар жана чогулуштар менен иштөө жана байланыштарыңызды колдонуу. Тиркемелерди жана сүрөттөрдү жөнөтүү жана кабыл алуу. Кабыл алуучулар, жаңы 2007 Microsoft Office чыгарылыш файл форматтарын колдонгон, тиркемелерди ача алуу мүмкүндүгү бар экенин текшериңиз.

5 Сабак 1 Тасма менен таанышуу

6 Тасма менен таанышуу Outlook 2007 колдонмосунда кабарды биринчи жолу түзүүдө (же кабыл алган кабарды ачууда) сиз Тасманы көрөсүз. Бул терезенин жогору жагындагы узун аймак. Тасма Тапшырмалар тилкеси Календарь Байланыштар Ал, жумушуңузду оңойлотуу үчүн жана көп кадамдарды аткарбаш үчүн ошол жерде жайгашкан. Жакшынын баары Тасма менен гана бүтүп калбайт. Колдонмодо, ишиңизди батыраак жана эффективдүү аткаруу үчүн дагы көп касиеттер бар. Алардын ичине Тапшырмалар тизмеси, календардагы жаңы навигаттоо жана байланыштар үчүн жаңы формат.

7 Тасма менен таанышуу Мында жаңы электрондук почто кабары көрсөтүлгөн. Тасма терезенин жогору жагында жайгашкан. Тасма, сиз Outlook колдонмосунда бир нерсени түзүп же оңдоп жатканда көрүнүп турат. Башкы Кыстаруу Орнотуулар Текстти калыптоо Кесүү Көчүр Даректер китеби Орнотуу Үлгү форматы Негизги текст Кимге Cc… Жөнөт Тема: Microsoft корпорациясы, элдер Outlook буйруктарын кандайча колдоноорун терең жана кылдаттык менен изилдеген. Ошол изилдөөнүн натыйжасы катары, кээ бир Outlook буйруктары көрүнүктүү болуп жасалган жана жалпы буйруктар оңой таабылып, колдонулуу үчүн, атайы иретте топтоштурулган жана чагылдырылган. Тагыраак айтканда, сиз электрондук почто кабарларын, календарь элементтерин, байланыштарды, тапшырмаларды же күндөлүк жазууларын түзүүдө же оңдоодо Тамса менен иштейсиз. Эскертүү: Эгерде сиз Microsoft Office Word 2007 колдонмосу менен буга чейин иштесеңиз, анда Outlook кабарларынын Тасмасы сизге тааныш болот. Себеби, Outlook 2007 редактору Word 2007 колдонмосунун негизинде жасалган. Word колдонмосунда мүмкүн болгон буйруктар жана орнотуулар Outlook колдонмосунда кабарды түзүүдө да мүмкүн болот.

8 Тасманы жакыныраак изилдөө
Тасманы кандай колдонуу керектиги тууралуу толугураак жардам алуу үчүн, бизде анын негизги жайгашууларын көрсөтүүчү жардамчы бар. Башкы Кыстаруу Орнотуулар Текстти калыптоо Кесүү Көчүр Даректер китеби Орнотуу Үлгү форматы Clipboard Убактылуу буфер Негизги текст Аттар Names Кимге Cc… Жөнөт Тема: Кошумча барактар: Тасма ар түрдүү кошумча барактардан түзүлгөн жана ар бири Outlook колдонмосунда аткарылуучу атайын иш аракеттерге тиешелүү. Топтор: Ар бир кошумча баракта, касиети боюнча жакын келген элементтер чогулган топтор бар. Буйруктар: Буйрук бул - баскыч, маалыматты киргизүү үчүн кутуча же меню. Кошумча барактар: Кошумча барактарда буйруктар жана сиз мурун колдонуп жүргөн баскычтар жайгашкан. Жогоруда Кабар кошумча барагы көрсөтүлгөн. Топтор: Бул жерде Негизги текст тобу көрсөтүлгөн. Буйруктар: Семиз баскычы жана Арип тизмеси (сүрөттө Calibri ариби көрсөтүлгөн) буйруктарга кирет. Эң көп колдонулган, Орнотуу сыяктуу, буйруктар чоң баскычтар менен берилген.

9 Тасма сизге керектүүлөрдү чагылдырат
Кабарларды, календар жазууларын же байланыштарды түзүү сыяктуу атайын иш аракеттерди аткарууда сиз кайрадан Тасма менен беттешесиз. Аткарып жаткан жумушуңузга жараша Тасма кошумча барактарды жана буйруктарды көрсөтөт. Тасмадагы кошумча барактар, сиз иштеп жаткан Outlook колдонмосунун аймагына жараша алмашат.

10 Тасма сизге керектүүлөрдү чагылдырат
Сүрөттө бул айырмачылыктардын кээ бири көрсөтүлгөн. Жаңы кабар Кабар жана Орнотуулар кошумча барактарын көрсөтөт. Жаңы жолугушуу Жолугушуу кошумча барагын көрсөтөт. Жаңы байланыш Байланыш кошумча барагын көрсөтөт Кабар жана Орнотуулар кошумча барактарынын, кабарды жазууда жана жөнөтүүдө колдонулуучу топтору жана буйруктары бар. Жолугушуу кошумча барагынын, атайын календар киргизүүлөрү менен иштөө үчүн топтору жана буйруктары бар. Байланыш кошумча барагынын, байланышуу маалыматын жаңы кармап туруу үчүн топтору жана буйруктары бар.

11 Дагы көп мүмкүнчүлүктөр бар
Топтун астындагы кичинекей жебе, сиз көргөндөн дагы көп мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдирет. Бул баскыч Диалог Кутучасын иштетүүчү деп аталат. Башкы Кыстаруу Орнотуулар Текстти калыптоо Кесүү Көчүр Орнотуу Даректер китеби Үлгү форматы Убактылуу буфер Негизги текст Жөнөт Арип Символ аралыктары Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, арип орнотууларынын толук тизмесин көрүү үчүн сиз, жаңы элкетрондук почто кабарынын, Кабар кошумча барагындагы Негизги текст тобунун жанындагы жебеге чыкылдатышыңыз керек.

12 Тез Жетүү тулбары Тез Жетүү тулбары, бул Тасманын жогору жагындагы кичинекей тулбар. Ал, сизге керектүү болгон жана сиз көп колдонгон буйруктарга тез жетүү үчүн жасалган. Башкы Кыстаруу Орнотуулар Текстти калыптоо Кесүү Көчүр Даректер китеби Орнотуу Үлгү форматы Убактылуу буфер Негизги текст Кимге Cc… Жөнөт Тема: Тез Жетүү тулбарынын артыкчылыгы эмнеде? Анын артыкчылыгы өзүңүзгө жараша. Бул, сиз, өзүңүздүн тандалган буйруктарыңызды жөн гана оң баскычка чыкылдатуу менен тулбарга кошо аласыз, дегенди билдирет. Бул курстун аягында Экспресс Шилтеме Картасы кызматына шилтеме жасалган жана анда Тез Жетүү тулбарына буйруктарды кошуу тууралуу деталдуу кадамдар берилген.

13 Тез Жетүү тулбары Сиз иштеп жаткан Outlook колдонмосунун аймагына жараша ар башка Тез Жетүү тулбарларын көрөсүз жана колдоносуз. Башкы Кыстаруу Орнотуулар Текстти калыптоо Кесүү Көчүр Даректер китеби Орнотуу Үлгү форматы Убактылуу буфер Негизги текст Кимге Cc… Жөнөт Тема: Мисалы, кабарлар үчүн Тез Жетүү тулбарында сиз киргизген өзгөчөлөштүрүүлөр Байланыштар үчүн Тез Жетүү тулбарында пайда болбойт.

14 Орнотуулар тууралуу көбүрөөк
Outlook колдонмосунда, сиз орнотууларды бир нече жайгашуулардан орното аласыз. Кирүүчүлөр – Microsoft Outlook Файл Оңдоо Көрүнүш Өтүү Куралдар Аракеттер Жардам Кабар Кыстаруу Орнотуулар Текстти калыптоо Жаңы Outlook элементин түзүү Жаңы Почто Кабары Почто кабары Жолугушуулар Сактоо Чогулуш талабы Жабуу Редактор орнотуулары Электрондук почто кабарын жазуу үчүн орнотуулар Эгерде сиз электрондук почто кабарын жазуу параметрлерин өзгөрткүңүз келсе, мисалы, орфография текшергичти жөндөө сыяктуу, анда, аны Редактор орнотуулары диалог кутучасынан аткарасыз.

15 Орнотуулар тууралуу көбүрөөк
Outlook колдонмосунда, сиз орнотууларды бир нече жайгашуулардан орното аласыз. Кирүүчүлөр – Microsoft Outlook Файл Оңдоо Көрүнүш Өтүү Куралдар Аракеттер Жардам Кабар Кыстаруу Орнотуулар Текстти калыптоо Жаңы Outlook элементин түзүү Жаңы Почто Кабары Почто кабары Жолугушуулар Сактоо Чогулуш талабы Жабуу Редактор орнотуулары Ишти, кабарды түзүүдөн баштаңыз, анан төмөнкүнү аткарыңыз: Эскертүү: Кээ бир, Редактор орнотуулары терезесиндеги Жекечелештирүү аймагы сыяктуу, орнотуулар бардык 2007 Office колдонмолорунда бар. Бирок, сиз Редактор орнотуулары дегенге киргизген көп өзгөртүүлөр Outlook колдонмосуна гана колдонулат. Microsoft Office Баскычы дегенге чыкылдатыңыз. Редактор орнотуулары баскычына чыкылдатыңыз.

16 Орнотуулар тууралуу көбүрөөк
Outlook колдонмосунда, сиз орнотууларды бир нече жайгашуулардан орното аласыз. Кирүүчүлөр – Microsoft Outlook Файл Оңдоо Көрүнүш Өтүү Куралдар Аракеттер Жардам Кабар Кыстаруу Орнотуулар Текстти калыптоо Жаңы Outlook элементин түзүү Жаңы Почто Кабары Почто кабары Жолугушуулар Сактоо Чогулуш талабы Жабуу Редактор орнотуулары Электрондук почто кабарын жөнөтүү үчүн орнотуулар Мисалы, сиз жөнөтүлө турган кабар Plain Text, HTML же Rich Text катары форматталышын тандай аласыз. Ошондой эле, ушул жөнөтүлгөн кабардын көчүрмөсүн кайсы жакта сактоо керектигин да тандай аласыз (же көчүрмөлөрдү сактоо керектигин тактайсыз). Электрондук почто кабарын жөнөтүү учурунда, ал кабардын кандайча жөнөтүлө тургандыгын тандай аласыз. Сиз бул орнотууларды ачык кабар үчүн Тасмада мүмкүн болгон кошумча барактардан орното аласыз.

17 Тапшырмалар тилкеси Тапшырмалар тилкеси терезенин оң четинде жайгашкан жана Outlook колдонмосу менен иштеп жатканда ар дайым көрүнүп турат. Тапшырма тилкеси Июль 2007 Иреттөө: Датасы боюнча Жаңы тапшырма Бүгүн Тапшырмалар тилкеси, келечекте боло турчу жолугушуулар жана тапшырмалар тууралуу эскертип туруу үчүн ошол жерде жайгашкан. Сиз Тапшырмалар тилкесин Почто, Календарь, Байланыштар жана башка терезелерден көрө аласыз.

18 Тапшырмалар тилкеси Тапшырмалар тилкеси терезенин оң четинде жайгашкан жана Outlook колдонмосу менен иштеп жатканда ар дайым көрүнүп турат. Тапшырма тилкеси Июль 2007 Иреттөө: Датасы боюнча Жаңы тапшырма Бүгүн Сүрөттө анын негизги элементтеринин бир нечеси гана көрсөтүлгөн: Дата навигаттоочусу Келе жаткан календарь жолугушуулары Жаңы тапшырма киргизүү үчүн жайгашуу Тапшырмалар тизмеңиз

19 Календарга жаңы көз караш
Outlook 2007 нускасындагы календардын жаңы долбоору эмненин кандай экенин көрүүнү оңойлотот. Аны менен иштөө да оңой. Күн Жума Ай Иш жуманы көрсөт Бүтүн жуманы көрсөт Июнь , 2007 Календарда издөө Дүшөмбү Шейшемби Шаршемби Бейшемби 9 00 Тапшырмалар Тапшырмаларды көсөт: Аяктоо Датасы боюнча Сүрөттө кээ бир үлгүлөр көрсөтүлгөн: Чоң баскычтар күндүк, жумалык жана айлык календар көрүнүштөрүнөн которулуп туруу үчүн оңой шарт түзөт. Артка жана Астыга баскычтары календардагы кийинки күнгө, жумага же айга тез өтүү үчүн мүмкүнчүлүк берет.

20 Календарга жаңы көз караш
Outlook 2007 нускасындагы календардын жаңы долбоору эмненин кандай экенин көрүүнү оңойлотот. Аны менен иштөө да оңой. Күн Жума Ай Иш жуманы көрсөт Бүтүн жуманы көрсөт Июнь , 2007 Дүшөмбү Шейшемби Шаршемби Бейшемби 9 00 Тапшырмалар Тапшырмаларды көсөт: Аяктоо Датасы боюнча Сүрөттө кээ бир үлгүлөр көрсөтүлгөн: Тапшырмалар аймагында, бүткөрүлгөн элементтер тегерек менен берилет жана ошол күнгө “жабыштырылган” болот; бүткөрүлдү деп белгиленбеген тапшырмалар автоматтык түрдө, сиз аларды бүткөрмөйүнчө, кийинки күнгө которулат. Тапшырмалар аймагы, учурдагы жана келе жаткан тапшырмаларды көрсөтөт жана алардын аткарылышын дагы көзөмөлгө алат.

21 Байланыштарга жаңы көз караш
Outlook 2007 нускасында Электрондук Бизнес Карточкалары байланыштарды бөлүшүү жана көрүү иштерин оңойлотот. Байланыштар Кудайбердиев, Нурбек Карабукаев, Эржан Нурбек Кудайбердиев Эржан Карабукаев Навигаттоо аймагы Атамкулова, Кыял Жунушкев, Эрмек Кыял Атамкулова Эрмек Жунушев Outlook колдонмосунун ошол аймагына которулуу үчүн Байланыштар дегенге чыкылдатыңыз. Сиз Электрондук Бизнес Карточкаларын электрондук почто аркылуу жөнөтө аласыз. Электрондук Бизнес Карточкаңызды электрондук почто колуңуз катары кыстарууну каалашыңыз мүмкүн.

22 Байланыштарга жаңы көз караш
Бул сүрөттө Навигаттоо аймагы, Байланыштар аймагынын көбүрөөк бөлүгүн көрсөтүү үчүн кичирейтилген. Байланыштар Кудайбердиев, Нурбек Карабукаев, Эржан Нурбек Кудайбердиев Эржан Карабукаев Навигаттоо аймагы Атамкулова, Кыял Жунушкев, Эрмек Кыял Атамкулова Эрмек Жунушев Сиз, Навигаттоо аймагын Outlook колдонмосунун каалаган жагынан, Навигаттоо аймагын жыйноо баскычына чыкылдатуу менен, жыйнай аласыз. Кеңеш: Бул сүрөттө Навигаттоо аймагы, Байланыштар аймагынын көбүрөөк бөлүгүн көрсөтүү үчүн кичирейтилген. Сиз, Навигаттоо аймагын Outlook колдонмосунун каалаган жагынан, Навигаттоо аймагын жыйноо баскычына чыкылдатуу менен жыйнай аласыз.

23 Практикалоо үчүн кеңештер
Кабарды түзүп, Тасманы көрүңүз. Кабарды ачып, кабыл алынган кабарлар үчүн Тасманы көрүңүз. Програм орнотууларын, электрондук почто редакторун жана электрондук почто кабар орнотууларын орнотуңуз. Тапшырмалар тилкесин изилдөө жана аны кандайча өзгөчөлөштүрүү керектигин көрүңүз. Календарды карап чыгыңыз жана байланыштарды жаңы Бизнес Карточкалар көрүнүшүндө көрүңүз (каалоо боюнча). [Үйрөтүүчү үчүн эскертүү: Орнотулган Outlook 2007 колдонмосу менен сиз, электрондук практикага өтүү үчүн слайд ичиндеги шилтемеге чыкылдата аласыз. Практика убагында сиз, бул тапшырмаларды көрсөтмөлөрдүн жардамы менен толук аткара аласыз. Маанилүү: Эгер сизде Outlook 2007 колдонмосу жок болсо, сиз практика көрсөтмөлөрүн ача албайсыз.]

24 Тест 1, суроо 1 Тасма, жаңы электрондук почто кабары үчүн жана кабыл алынган электрондук почто кабары үчүн бирдей болот. (Бир жоопту тандаңыз.) Туура. Туура эмес.

25 Тест 1, суроо 1: Жооп Туура эмес.
Тасмада ар башка нерселер чагылдырылат, анткени жаңы жана кабыл алынган электрондук почто кабарлары менен иштөөдө сиздин талаптарыңыз ар башка болот.

26 Тест 1, суроо 2 Сиз календар кызматына өттүңүз жана аны менен иштөөгө даярсыз. Аны көрүү үчүн, Outlook терезесинде көбүрөөк орун бошотуу үчүн сиз Outlook колдономосунун ичинде төмөнкүлөрдүн кайсынысын аткара аласыз? (Бир жоопту тандаңыз.) Деталдарды жашыруу үчүн жогоруда жайгашкан баскычтарды колдонуу. Навигаттоо аймагын жайнаштыруу. Экран чечилим параметрлерин өзгөртүү.

27 Тест 1, суроо 2: Жооп Навигаттоо аймагын жайнаштыруу.
Outlook колдонмосунун бул нускасында сиз Навигаттоо аймагын Навигаттоо аймагын жыйнаштыруу баскычына чыкылдатуу менен жыйнай аласыз.

28 Күндө колдонулуучу буйруктарды табуу
Сабак 2 Күндө колдонулуучу буйруктарды табуу

29 Күндө колдонулуучу буйруктарды табуу
Сиз Outlook колдонмосун орноттуңуз жана анын мурунку нускалардан эмне айырмачылыгы бар экенин көрдүңүз. Ал эми азыр, ишке киришели. Сизге керектүү иш аракеттерди Outlook колдонмосунда аткаруу оңой болобу? Бул сабакта сиз ушул суроого ооба деген жооп ала аласыз.

30 Жаңы кабарды түзүү Outlook колдонмосун колдонуу менен эң биринчи электрондук почто кабарыңызды жазууга жана жөнөтүүгө убакыт келди. Бул үчүн эмнени билүү керек? Кирүүчү каттар Жаңы Башкы Кыстаруу Орнотуулар Текстти калыптоо Кат Кесүү Көчүр Орнотуу Үлгү форматы Убактылуу буфер Негизги текст Кимге Cc… Жөнөт Тема: Жаңы кабарды түзүүдө, биринчиден Тасмага көңүл буруңуз. Кабар кошумча барагы жогору жакта жайгашкан. Анда кабарды түзүүдө жана жөнөтүүдө эң көп колдонулуучу буйруктар камтылган.

31 Create a new message Башка кошумча барактарды колдонуу
Башка кошумча барактарды колдонуу Кирүүчү каттар Жаңы Башкы Кыстаруу Орнотуулар Текстти калыптоо Кат Кесүү Көчүр Эгерде сиз бир буйрукту же баскычты таба албай жатсаңыз, анда башка кошумча баракты карап көрүңүз. Орнотуу Үлгү форматы Убактылуу буфер Негизги текст Кимге Cc… Жөнөт Тема: Мисалы, сүрөттү кабарыңыздагы текст менен бир сызыкта (өзүңчө тиркеме эмес) кыстаруу үчүн, сиз Кыстаруу кошумча барагына өтүшүңүз керек. Эскертүү: Бул жаңылык эмес, бирок эскертүү үчүн: Кээ бир топтор жана баскычтар чычкан көрсөткүчүн электрондук почто кабарынын текстинин ичинде жайгаштырганда гана иштиктүү болот. Мисалы, Негизги текст кошумча барагындагы буйруктар, чычкан көрсөткүчү Кимге же Тема талааларында турганда иштиктүү абалда болбойт; ал буйруктарды көрүү үчүн сиз чычкан көрсөткүчүн кабар текстинин ичине коюшуңуз керек.

32 Кабыл алуучуларды кошуу үчүн Даректер Китебин колдонуңуз
Кимге, Сс жана Всс талааларына аттарды кошуу үчүн Даректер Китебин колдонуңуз. Башкы Кыстаруу Орнотуулар Текстти калыптоо Кесүү Көчүр Даректер китеби Орнотуу Үлгү форматы Убактылуу буфер Негизги текст Кимге Cc… Жөнөт Тема: Сиз, Даректер Китеби буйругун Кабар кошумча барагында таба аласыз.

33 Bcc талаасын көрсөтүү же жашыруу
Эгерде сиз электрондук потчо даректерин түз эле Кимге жана Сс кутучаларына жазууга көнүп калсаңыз, анда, балким Всс талаасына да аттарды жазуу жана аны кандай чагылдыруу керектиги тууралуу үйрөнгүңуз келет. Кабар Кыстаруу Орнотуулар Текст калыптоосу Bcc көрсөтүү Мындан көрсөт Талаалар Кимге Cc… Жөнөтүү Bcc… Тема: Сүрөттө Всс көрсөтүү буйругунун жайгашкан жери көрсөтүлгөн. Көрүп тургандай, сиз аны Орнотуулар кошумча барагынан таба аласыз. Сиз, Всс (сокур көчүрмө) кызматын, кабарларды, кабыл алуучулардын аттарын бири бирине көрсөтпөстөн, жөнөтүүгө колдоно аласыз. Бул, кабар жөнөтүлүп жаткан адамдардын конфиденциалдуулугун сыйлоонун бир ыкмасы. Кеңеш: Тез Жетүү Тулбарына Всс көрсөтүү баскычын кошуу менен Всс талаасын кошуп же жашыра аласыз. Бирок, ар дайым кат жазуу учурунда Всс талаасын күйгүзүү же өчүрүүнүн кереги жок; эгер сиз жөнөтүлгөн кабарда Всс талаасын өчүрбөсөңүз да, ал кабыл алынган кабарда чагылдырылбайт.

34 Өздүк колуңузду да камтыңыз
Outlook кабарыңыздын аягына жеке электрондук почто колуңузду колдонууну каалайсызбы? Кимге Кимге Кимге Cc… Cc… Cc… Жөнөтүү Жөнөтүү Тема: Тема: Жөнөтүү Тема: Ийгилик каалайм! Кыял Атамкулова Маркетолог Contoso Ltd. (w) (m) Саламатта болуңуз! Эржан Ийгиликтер. Нурбек Кудайбердиев Электрондук почто колдору байланышуу маалыматын камсыз кылуу үчүн, өзгөчөлүгүңүздү көрсөтүү үчүн жана кабарды туура аяктоо үчүн жардам берет.

35 Өздүк колуңузду да камтыңыз
Сиз, бар колдорду жакшыртып, өзгөртө аласыз, жаңыларды түзүп же болбосо жарыяланбаган колду орното аласыз. Кабар Кыстаруу Орнотуулар Текстти калыптоо Даректер китеби Аттарды текшерүү Файлды кыстаруу Визит карточкасы Календар Кол Көзөмөлдөө Негизги Текст Аттар Кошуу Бизнес Жеке Колдор… Кол буйругунун алдындагы жебеге чыкылдатуу менен ишти баштаңыз. Анан эмне болоору сүрөттө көрсөтүлгөн: Эгерде мурун түзүлгөн колдор бар болсо, анда алар бул жерде тизмеде берилет. Жаңы колду түзүү үчүн, жарыяланбаганды орнотуу же бар колду өзгөртүү үчүн Колдор деген баскычка чыкылдатыңыз.

36 Желекчелерди жана эскертмелерди колдонуңуз
Желекчелер жана эскертмелер аткаруу керек болгон иштер тууралуу сизге жана башкаларга эскертүү үчүн жардам берет. Аттар Файлды кыстаруу Көзөмөлдөө Кошуу Бүгүн Эртең Кимге Бул жумада Cc… Жөнөтүү Тема: Эскертүүнү кошуу Желекчени алып салуу Кабыл алуучуларга желек Кирүүчү каттар Кабар түзүүдө желекчени, эскертмени же экөөнү тең кошуу үчүн, жаңы кабардын, Орнотуулар тобундагы Көзөмөлдөө дегенге чыкылдатуу менен баштаңыз.

37 Желекчелерди жана эскертмелерди колдонуңуз
Өздүк көзөмөлдөө үчүн Аттар Файлды кыстаруу Көзөмөлдөө Кошуу Бүгүн Сиз адистешиңизге кабар жөнөттүңүз дейли, жана ал “Мен сен менен эртең байланышам” деди. Эртең Кимге Бул жумада Cc… Жөнөтүү Тема: Эскертүүнү кошуу Желекчени алып салуу Кабыл алуучуларга желек Кирүүчү каттар Ал ишти сөзсүз аткаруу үчүн, өзүңүз үчүн ал кабарды желекче менен белгилеңиз. Ал үчүн Көзөмөлдөө дегенге чыкылдатыңыз анан Эртең дегенди басыңыз. Кабар желекче менен белгиленет жана Тапшырмалар дегендеги Тапшырмалар тизмесине кошулат. Ошондой эле ал Тапшырмалар тилкеңизде элемент катары пайда болот. Кабар жөнөтүлгөндөн кийин, ал Жөнөтүлгөн элементтер папакесине которулат.

38 Желекчелерди жана эскертмелерди колдонуңуз
Кабыл алуучулардын көзөмөлдөөсү үчүн Аттар Файлды кыстаруу Көзөмөлдөө Кошуу Бүгүн Кабыл алуучулар үчүн желекче буйругун (сүрөттө бөлүнүп көрсөтүлгөн) колдонуу менен сиз кабыл алуучулар үчүн көзөмөлдөө желекчесин кыстара аласыз. Эртең Кимге Бул жумада Cc… Жөнөтүү Тема: Эскертүүнү кошуу Желекчени алып салуу Кабыл алуучуларга желек Кирүүчү каттар Кабарды жөнөтөөрдөн мурун, кабыл алуучу сиз менен кайсы маалда байланышы керектигин тактайсыз. Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, кабыл алынган кабар желекчени жана коңгуроо иконун камтыйт. Кабар, кабыл алуучунун Outlook почто кутучасында сакталса, эскертүүчү сиз тактаган убакытта чагылдырылат. Коңгуроо икону, кабыл алуучуга кабардын эскертүүчүнү камтышы тууралу билдирет. Элемент кабыл алуучунун Тапшырмалар тилкесине кошулбай турганы эсиңизде болсун. Тапшырмалар тизмесин түзүү, бул жеке тандоо.

39 Кабарга жооп Электрондук почто, бул жалаң гана кат жөнөтүү эмес...
Электрондук почто, бул жалаң гана кат жөнөтүү эмес... …дагы, кабыл алуу жана жооп берүү керек. Кабар Жооп Бардыгына жооп Жөноөтүү Өчүрүү Папкеге жиберүү Эреже түзүү Башка аракеттер Жөнөтүүчүнү тосмолоо Жооп Иш аракеттер Спам Кимден: Кимге: Cc Тема: Ачык кабардан жооп берген учурда сиз Тасманын Кабар кошумча барагындагы Жооп берүү тобундагы баскычтарын колдоносуз. Кабыл алынган кабарлар жана жаңы кабарды түзүү учурундагы Тасма бири биринен айырмаланып турганын байкайсыз.

40 Кабарды кайра кайтаруу керекпи?
Сиз кабарды жаңы эле жөнөттүңүз жана анын негизги деталы туура эмес экенин таптыңыз. Почто Бардык почто папкелери Бардык почто элементтери Кабар Кирүүчү каттар Жөнөтүлгөн каттар Жиберилген элементтер Өчүрүү Папкеге өтүү Эрежени түзүү Башка аракеттер Жөнөтүүчүнү тосмолоо Аракеттер Спам Жиберилген элементтер Кимден: Кабарды оңдоо Жиберилгендерди издөө Кимге: Бул кабарды кайтаруу Боюнча иреттелген: Дата Cc Тема: Бул кабарды кайра жөнөт Тиркемелерди сактоо Электрондук почтоңуз үчүн Microsoft Exchange серверин колдонуп жатсаңыз, анда жаңы эле жөнөтүлгөн кабарды кайрадан кайтара аласыз. Эгерде сиз кабыл алуучу кабарды окуганга чейин үлгүрсөңүз, анда кабарды кайтаруу аны тууралап жазууга жана туура эместиктерди жоюуга мүмкүндүк берет.

41 Кабарды кайра кайтаруу керекпи?
Сиз кабарды жаңы эле жөнөттүңүз жана анын негизги деталы туура эмес экенин таптыңыз. Почто Бардык почто папкелери Бардык почто элементтери Кабар Кирүүчү каттар Жөнөтүлгөн каттар Жиберилген элементтер Өчүрүү Папкеге өтүү Эрежени түзүү Башка аракеттер Жөнөтүүчүнү тосмолоо Аракеттер Спам Жиберилген элементтер Кимден: Кабарды оңдоо Жиберилгендерди издөө Кимге: Бул кабарды кайтаруу Боюнча иреттелген: Дата Cc Тема: Бул кабарды кайра жөнөт Тиркемелерди сактоо Эмне кылуу керек: Навигаттоо аймагындагы Жөнөтүлгөн элементтер папкесине өтүү үчүн чыкылдатыңыз. Жөнөтүлгөн элементтер папкесинде, кайтаруу керек болгон кабарды ачуу үчүн чыкылдатыңыз.

42 Кабарды кайра кайтаруу керекпи?
Сиз кабарды жаңы эле жөнөттүңүз жана анын негизги деталы туура эмес экенин таптыңыз. Почто Бардык почто папкелери Бардык почто элементтери Кабар Кирүүчү каттар Жөнөтүлгөн каттар Жиберилген элементтер Өчүрүү Папкеге өтүү Эрежени түзүү Башка аракеттер Жөнөтүүчүнү тосмолоо Аракеттер Спам Жиберилген элементтер Кимден: Кабарды оңдоо Жиберилгендерди издөө Кимге: Бул кабарды кайтаруу Боюнча иреттелген: Дата Cc Тема: Бул кабарды кайра жөнөт Тиркемелерди сактоо Эмне кылуу керек: Эскертүү: Эгерде Бул кабарды кайтаруу буйругу көрүнбөсө, анда, балким электрондук почтоңуз үчүн Microsoft Exchange сервери колдонулбайт. Курстун аягында шилтеме берилген Экспресс Шилтеме карточкасынан ушул тууралуу көбүрөөк маалымат ала аласыз. Ачык кабарда, Иш аракеттер тобундагы Башка иш аракеттер баскычына чыкылдатыңыз, анан Бул кабарды кайтаруу дегенге чыкылдатыңыз.

43 Иштерди аткарууну унутпоо үчүн
Outlook бул электрондук почто гана эмес. Бул, дагы календардын жардамы менен убактыңызды туура уюштуруу. Жолугушуу Кыстаруу Формат текст Катары көрсөтүү Бош эмес Сактоо ж/а жабуу Катышуучуларды чакыруу Жолугушуу Расписание Эскертүүчү 15 мүнөт Жок Аракеттер Көрсөтүү 0 мүнөт Тема: 5 мүнөт Жайгашуу: 10 мүнөт 15 мүнөт Баштоо убакты: 30 мүнөт 1саат Аяктоо убакты: 2 саат 3 саат Качан сиз календарыңызда элементти ачууда же түзүүдө, Тасмада, убакытты уюштуруу үчүн керектүү болгон куралдардын пайда болушун көрөсүз. Качан сиз календарыңызда элементти ачууда же түзүүдө, Тасмада, убакытты уюштуруу үчүн керектүү болгон куралдардын пайда болушун көрөсүз.

44 Иштерди аткарууну унутпоо үчүн
Каалаган календар жазуусун тузгөн учурда, эскертүүчү автоматтык түрдө орнотулат. Жолугушуу Кыстаруу Формат текст Катары көрсөтүү Бош эмес Сактоо ж/а жабуу Катышуучуларды чакыруу Жолугушуу Расписание Эскертүүчү 15 мүнөт Жок Аракеттер Көрсөтүү 0 мүнөт Тема: 5 мүнөт Жайгашуу: 10 мүнөт 15 мүнөт Баштоо убакты: 30 мүнөт 1саат Аяктоо убакты: 2 саат 3 саат Эскертүүчүнүн убактысын жолугушууга өзгөртүү: Эскертүү: Бардык жолугушуулар үчүн стандарттуу эскертүүчүнү орнотуу үчүн, Outlook колдонмосунун негизги терезесиндеги, Куралдар менюсундагы Орнотуулар дегенге чыкылдатыңыз, анан Календардын алдындагы Каалоолор кошумча барагындагы жарыяланбаган убакытты орнотуңуз. Жолугушуу кошумча барагында Эскертүүчү тизмесин ачуу үчүн жебеге чыкылдатыңыз жана убакытты тандаңыз. Өзгөртүүнү киргизгенден кийин, Тасманын алыскы сол жагындагы Сактоо ж/а Жабуу баскычына басыңыз.

45 Чогулуш жасоо керекпи? Башкаларды чакырыңыз
Жолугушуу өзүңүз үчүн гана. Качан башка адамдар да катышса, анда чогулуш жасаңыз. Жолугушуу Кыстаруу Формат текст Катары көрсөтүү Бош эмес Сактоо ж/а жабуу Катышуучуларды чакыруу Жолугушуу Расписание Эскертүүчү 15 мүнөт Жолугушуу Кыстаруу Формат текст Календар Өчүрүү Чакырууну жокко чыгаруу Жолугушуу Расписание Жолугушуу аймагы Жөнөтүү Аракеттер Көрсөтүү Кимге Жолугушуу кошумча барагындагы Катышуучуларды чакыруу дегенге чыкылдатыңыз. Кимге баскычы жана кутуча пайда болот. Аттарды түз эле кутуга жазыңыз же катышуучуларды тизмеден кошуу үчүн Кимге баскычына чыкылдатыңыз.

46 Чогулуш жасоо керекпи? Башкаларды чакырыңыз
Жолугушуу өзүңүз үчүн гана. Качан башка адамдар да катышса, анда чогулуш жасаңыз. Жолугушуу Кыстаруу Формат текст Катары көрсөтүү Бош эмес Катышуучуларды чакыруу Жолугушуу Расписание Сактоо ж/а жабуу Эскертүүчү 15 мүнөт Жолугушуу Кыстаруу Формат текст Календар Өчүрүү Чакырууну жокко чыгаруу Жолугушуу Расписание Жолугушуу аймагы Жөнөтүү Аракеттер Көрсөтүү Кимге Чогулуштун бардык майдачүйдөлөрүн киргизгенден кийин, чогулушуунун башка катышуучуларына чакырууларды жөнөтүү үчүн Жөнөтүү баскычына чыкылдатыңыз.

47 Байланыш менен иштөө Байланышты ачууда же оңдоодо, сиз Көрсөтүү тобундагы баскычтарды көрөсүз. Алар байланыш тууралуу көбүрөөк маалыматты көрсөтөт же аны жашырат. Байланыш Кыстаруу Формат текст Жалпы Сертификаттар Деталдар Бардык талаалар Ишаракеттер Толук аты... Компания: Адистиги: Файл: Интернет Электрондук почто Мисалы, эгерде сиз байланыштын туулган күнүн же мааракесин эскертме катары жазгыңыз келсе, анда Деталдар баскычын басыңыз жана Туулган күн же Маараке дегендин жанына керектүү датаны тандаңыз. Байланыштын Электрондук Бизнес карточкасын оңдоо үчүн, Байланыш кошумча барагындагы Бизнес карточканы оңдоо баскычына чыкылдатыңыз.

48 Парактикалоо үчүн сунуштар
Даректер китебин жана Bcc талаасын колдонуңуз. Орфографияны жана грамматиканы текшериңиз. Кол коюуларды көрүңүз. Көзөмөлдөө үчүн желекчелерди кошуңуз. Кабарга жооп бериңиз; кабарды кайра кайтарыңыз (керек болсо). Жолугушууну уюштуруңуз жана эскертүүчүнү орнотуңуз. Жаңы байланышты түзүңүз. Бизнес карточкасын оңдоңуз.

49 Тест 2, суроо 1 Жаңы кабарды жазуу үчүн Тасманы колдоном. (Бир жоопту тандаңыз.) Туура. Туура эмес.

50 Тест 2, суроо 1: Жооп Туура эмес.
Сиз, кабарды мурда түзүп жүргөндөй эле түзөсүз.

51 Тест 2, суроо 2 Төмөнкүнүн кайсынысы кабардагы Всс талаасын тез чыгарууга же жашырууга мүмкүндүк берет? (Бир жоопту тандаңыз.) Даректер китеби. Тез Жетүү Тулбары. Орнотуулар кошумча барагындагы Всс көрсөтүү баскычы.

52 Тест 2, суроо 2: Жооп Орнотуулар кошумча барагындагы Всс көрсөтүү баскычы. Акыркы сабакта Outlook колдонмосунда канчалык көп орнотуулар бар экени тууралуу айтылган. Сиз баскычты, атайын кабар орнотуулары үчүн түзүлгөн Орнотуулар кошумча барагынан табасыз.

53 Тест 2, суроо 3 Сиз жаңы эле, олуттуу катасы бар кабарды жөнөтүп жибердиңиз жана аны кайрадан кайтарууну каалап жатасыз. Биринчи кадамыңыз кандай болот? (Microsoft Exchange серверин колдонуп жатасыз.) (Бир жоопту тандаңыз.) Негизги Outlook терезесинин, Иш аракеттер менюсундагы Бул Кабарды кайтаруу дегенге чыкылдатуу. Жөнөтүлгөн элементтер папкесинен кабарды табуу жана ачуу. Жөнөтүлгөн элементтер папкесинен кабарды табуу жана бөлүп алуу.

54 Тест 2, суроо 3: Жооп Жөнөтүлгөн элементтер папкесинен кабарды табуу жана ачуу. Жөнөтүлгөн элементтер папкесинен кабарды ачасыз, анан Тасмадагы буйрукту колдоносуз: Иш аракеттер тобундагы Башка Иш аракеттер дегенди чыкылдатыңыз жана Бул Кабарды кайтаруу баскычын басыңыз.

55 Тиркемелерди жана сүрөттөрдү жөнөтүү жана кабыл алуу
Сабак 3 Тиркемелерди жана сүрөттөрдү жөнөтүү жана кабыл алуу

56 Тиркемелерди жана сүрөттөрдү жөнөтүү жана кабыл алуу
Outlook колдонмосунда кыстарылган файлдарды жөнөтүү жана кабыл алуу абдан оңой. Кыстарылган сүрөттөрдү же Microsoft Office файлдарын кабыл алганда, аларды так Outlook Окуу панелинде окуу үчүн Тиркемени алдын ала көрсөткүч дегенди колдоно аласыз. Ал эми сүрөттөрдү жөнөтүп жатсаңыз, Тасма аларды тез жөнөтүүгө жардам берет.

57 Тиркемени камтуу Кыстарылган документти же сүрөттү кабарыңызга камтуу мурдагыдан да оңой. Кабар Кыстаруу Орнотуулар Формат текст Файлды кыстаруу Элементти кыстаруу Бизнес каротчка Календар Кол Кошуу Мурда жасап жүргөндөй эле, ишти жаңы кабарды түзүүдөн баштайсыз. Андан кийин Тасмадагы Файлды кыстаруу буйругун колдоносуз.

58 Тиркемени камтуу Файлды кыстаруу баскычын кайдан таба аласыз
Файлды кыстаруу баскычын кайдан таба аласыз Кабар Кыстаруу Орнотуулар Формат текст Тиркемени камтуу бул көп аткарылуучу иш аракет болгондуктан, сиз Файлды кыстаруу баскычын Кабар жана Кыстаруу кошумча барактарынын экөөндө тең таба аласыз. Файлды кыстаруу Элементти кыстаруу Бизнес каротчка Календар Кол Кошуу Сүрөттө ал Кыстаруу кошумча барагында көрсөтүлгөн.

59 Тиркемени камтуу Сиз каалаган нерсени кыстара албайсыз.
Сиз каалаган нерсени кыстара албайсыз. Кабар Кыстаруу Орнотуулар Формат текст Файлды кыстаруу Элементти кыстаруу Бизнес каротчка Календар Кол Кошуу Outlook кээ бир файлдардын түрлөрүн тосмолойт. Сиз билгендей, мындай тосмолоо колдонмонун мурунку нускаларында да бар. Антсе да, мурун тосмолонгон кээ бир файл типтерин эми кыстарууга уруксат берилгени жана кээ бир жаңы файл типтери тосмолоо тизмесине кошулганы тууралуу үйрөнүү сизге кызыктуу болот болуш керек. Тосмолонгон файл типтеринин толук тизмесин көрүү үчүн жана кыстарылган файлдарыңыздын тосмолоосун алдын алуу үчүн “Outlook колдонмосундагы тосмолонгон тиркемелер” макаласын окуңуз. Курстун аягында берилген Экспресс Шилтеме гидинде ал макалага шилтеме берилген.

60 Сүрөттү текст менен бир сапта камтуу
Outlook колдонмосунда, сүрөттү электрондук почто кабарыңыздын ичинде жөнөтүү, аны өзүнчө кыстарылган файлдар катары жөнөтүүдөн оңой. Кабар Кыстаруу Орнотуулар Формат текст Сүрөт Иллюстрациялар Аны аткаруу үчүн: Эскертүү: Кабарга сүрөттү кыстарганда, сиз аны кабарга камтылган обжект катары кошосуз. Бул, ал кабар текстинин бөлүгү дегенди билдирет. Сүрөттү көрүү үчүн, кабарды кабыл алуучулардын HTML же Rich Text кабарларын алууга мүмкүнчүлүгү болушу керек. Кыстаруу кошумча барагындагы Сүрөт буйругуна чыкылдатыңыз. Жогорку сүрөттө көрсөтүлгөндөй, сүрөттү кабарыңыздын ичинде көрө аласыз.

61 Тартыңыз: келип кетүүчү кошумча барактар
Сүрөттөр тууралуу баяндоо, Тасма тууралуу бир нерсени түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет: Кээ бир кошумча барактар, атайын иш аракеттер аткарылганда гана пайда болот. Кабар Кыстаруу Орнотуулар Формат текст Жөндөө Сүрөт стилдери Иреттөө Мисалга алсак, сиз: Кабарга кыстарган сүрөттү бөлүп алганда... ...Тасмада Сүрөт куралдары дегендин пайда болушун көрөсүз. Кабарды жөнөтүүдөн мурун, сүрөттү оңдоо үчүн колдоно ала турган буйруктар Формат кошумча барагында камтылган. Сүрөттөн тышкаркы жерге чыкылдатканда, Сүрөт куралдары жок болот. Кабарыңызга диаграмды, тартууну, графикти же жадыбалды кыстарган учурда, так эле ушундай кубулушту байкайсыз.

62 Ачуудан мурун тиркемелерди карап чыгыңыз
Outlook 2007 колдонмосунда тиркемелерди кабыл ала аласыз. Кээ бир кыстарылган файлдарды, түз эле Окуу панелинде көрүүгө болот. Кирүүү каттар Кирүүчүдө издөө Бүгүн Жөнөт: Кимге:: Кабар 25V_B8.vsd (219 KБ) 25V_A6.vsd (219 KБ) Кабар 25V_B8.vsd (219 KБ) 25V_A6.vsd (219 KБ) Кимдир бирөө, сизге Microsoft Office Visio® диаграмдарын тиркеме катары жөнөттү дейли, бирок сизди, үйүңүздөгү машыгуу бөлмөсүн гана көрсөткөн бир тиркеме гана кызыктырат. Файлдын кайсынысын ачуу же катуу дискиңизге сактоо керектигин кантип, тезинен чечесиз?

63 Ачуудан мурун тиркемелерди карап чыгыңыз
Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, тиркемени алдын ала көрүү, ага жооп боло алат. Кирүүчү каттар Кирүүчүдөн издөө Бүгүн Жөнөт: Кимге:: Кабар 25V_B8.vsd (219 KБ) 25V_A6.vsd (219 KБ) Кабар 25V_B8.vsd (219 KБ) 25V_A6.vsd (219 KБ) Тиркемени алдын ала көрүү, атайын файл типтерин, түз эле Outlook Окуу панелинде алдын ала көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Анда, кыстарылган файлды ачып отурбастан көрө аласыз. Тиркемени алдын ала көрүү үчүн, анын иконуна чыкылдатыңыз. Тиркеменин көрүнүшү Окуу панелинде пайда болот. Тиркелген файл сизге керектүү экенин көргөндөн кийин, он баскычтын жардамы менен, аны ачыңыз же сактаңыз. Эскертүү: Компьютериңизди коопсуз сактоо үчүн, алдын ала көрүү убагында тиркемелердин камтылган коду өчүрүлөт.

64 Практикалоо үчүн сунуштар
Кабарга файлды кыстарыңыз жана аны өзүңүзгө жөнөтүңүз. Сүрөттү кабарыңыздагы текст менен бир сапта кыстарыңыз. Тиркемени алдын ала карап чыгыңыз. Кайсы алдын ала карап көрүү куралдары орнотулганын текшериңиз (каалоо боюнча).

65 Тест 3, суроо 1 Сүрөттү кабарыңыздагы тексттин сабына кандайча кыстарасыз? (Бир жоопту тандаңыз.) Rich Text файл форматын колдонуп. Кыстаруу кошумча барагындагы Файл буйругун колдонуп. Кыстаруу кошумча барагындагы Файлдан сүрөт буйругун колдонуп.

66 Тест 3, суроо 1: Жооп Кыстаруу кошумча барагындагы Файлдан сүрөт буйругун колдонуп.

67 Тест 3, суроо 2 Сиз, эки JPEG тиркемелери бар кабарды кабыл алдыңыз. Тиркемелерди сактоо керектиги тууралуу кандайча тез билсе болот. (Бир жоопту тандаңыз.) Кабарды ачып жана ар бир тиркеме иконуна эки жолу чыкылдатуу менен. Окуу панелиндеги тиркеме икондоруна чыкылдатуу. Тиркеме иконуна оң баскыч менен чыкылдатуу, анан Ачуу баскычына чыкылдатуу.

68 Тест 3, суроо 2: Жооп Окуу панелиндеги тиркеме икондоруна чыкылдатуу.
Тиркеме иконуна чыкылдатуу, сүрөттү, Окуу панелинин оң жагында, алдын ала көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул амал башка түрдөгү тиркемелерге да бирдей эле иштейт: PowerPoint презентациялары, Word документтери же Excel иш китептери сыяктуу ж.б..


Download ppt "Microsoft® Office Outlook® 2007 Тренинги"

Similar presentations


Ads by Google